1) Өсүмдүктөрдүн жашыл түсүн берүүчү пигмент кантип аталат? a) хлорофилл b) цитоплазма c) Фикоэритрин d) фикуксантини 2) Ядросу болбогон клеткалар кандай аталат? a) эукариот b) вирус c) прокариот d) мембрана 3) Көбүнчө жашылча жемиштерде болгон жана адамдын организми үчүн маанилүү органикалык зат эмне деп аталат? a) Витамин b) Вирус c) Бактерия d) Тамак-аш 4) Бир клеткалуу балырлар? a) Хлорелла b) Спирогира c) Улотрикс d) Ламинария 5) Ядросу бар клеткалар кандай аталат? a) эукариот b) прокариот c) вирус d) бактерия 6) Балырлар кандай жол менен көбөйүүдө зооспораларды пайда кылбайт? a) жыныстуу b) вегетативдүү c) жыныссыз d) коньюгация 7) Хламидомонаданын кайсы органоидинде хлорофилл жана башка боёчу заттар бар? a) хромотофордо b) кызыл көзчөсүндө c) жыйрылуучу вакуолунда d) пелликулада 8) Балыр клеткасында клетканын кайсы органоиди жок? a) Кызыл көзчөсү b) ядросу c) хромотофору d) кирпикчелери 9) “Суу гүлдөдү” деген эмнени түшүндүрөт? a) сууда бир клеткалуу балырлар көбөйөт b) сууда боёчу жашыл пигменттер көбөйөт c) сууда жашыл түстөгү жаныбарлар бар d) суу күндүн энергиясы көптүгүнөн жашыл болот 10) Балырлардын түрү,формасы,түсү абдан ар түрдүү,аны эмне менен түшүндүрсө болот? a) түсүн жашыруу b) фотосинтезге ыңгайлануусу c) жашаган чөйрөсүнүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу d) туура жооп жок 11) Кемелердин жүрүшүнө тоскоол кылган кайсы түстөгү балырлар? a) бир клеткалуу балыр b) күрөң балырлар c) кызыл балырлар d) жашыл балырлар 12) Агар аттуу зат кайсы балырдан алынат? a) кызыл балырлардан b) бир клеткалуу балырлардан c) күрөң балырлардан d) жашыл балырлардан

Leaderboard

Visual style

Options

Switch template

Continue editing: ?